
Жарыяланган
2025-21-04, 12:10Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов мекеменин жыйынында 50 миң сомго чейинки салык карызы бар жарандарга чет жакка убактылуу чыгууга уруксат берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, салык төлөөчүнүн 50 миң сомго чейинки бересеси болсо, ал аны төлөбөстөн, чет жакка чыгып келе алат .
Шыкмаматов Салык кызматы Сот департаменти менен бирге уюлдук телефон аркылуу салык карызды төлөөнүн жолдору иштелип жатканын белгилеген.


