
Жарыяланган
2025-29-08, 13:18Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы жаңы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө сатуу салыгын децентрализациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, бул чара көмүскө экономиканы кыскартууга, товарлардын контрабандасына жана «көмүскө схемаларга» каршы күрөшүүгө өбөлгө түзүп, жергиликтүү бийлик органдарынын кирешесин көбөйтөт.
Шыкмаматовдун сунушуна ылайык, пилоттук долбоор Ош шаарында ишке ашырылышы мүмкүн. Ага ылайык, сатуу салыгынан түшкөн каражаттын 50% — жергиликтүү бюджетке, калган 50% — республикалык бюджетке түшөт.
Мындай ыкманын максаты — жергиликтүү бийликти өз бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө кызыктыруу. Бул мэрлерди салыктарды көбүрөөк жыйноого түртүп, көмүскө экономикага каршы күрөштү күчөтөт.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы , эгерде Ош шаарында сатуу салыгын децентрализациялоо боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, бул тажрыйбаны башка шаарларга да жайылтууга мүмкүн болоорун белгиледи.


