
Жарыяланган
2025-19-11, 16:52Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулу киргизиле турганын айтты. Аталган кызматтын басма сөз кызматы Шыкмаматовдун реформанын экинчи этабы тууралуу пикирин жарыялады.
Салык кызматынын төрагасы реформанын биринчи этабы дээрлик аяктаганын белгиледи.
“Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. 2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 млрд сомго ашыгы менен аткарды”, - деди ал.
Шыкмаматовдун айтымында, реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат.
“Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз.
KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет. KEZETти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылды”, - дейт төрага.
Маалыматта май айында инспекторлордун штаты кыскартыла турганы айтылды.
“Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бизде 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин миңге азайтылмакчы. Мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбей тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам. Инспектордун ордуна так, ачык-айкын жана эч кандай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүсүз иштей турган санариптик модуль киргизилет”, - деди ал.


