Akchabarsearch
Сатыктан алынуучу салык менен бирдиктүү салыктын бир бөлүгү Ош шаарынын бюджетинде калат

Жарыяланган

2026-27-05, 16:37

Сатыктан алынуучу салык менен бирдиктүү салыктын бир бөлүгү Ош шаарынын бюджетинде калат

Сатыктан алынуучу салык менен бирдиктүү салыктын бир бөлүгү Ош шаарынын бюджетинде калат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Жарлыкка ылайык, быйылкы жылдын 1-июнунан тартып 2027-жылдын 1-июнуна чейин сатыктан алынуучу салыктын 50%ы жана бирдиктүү салыктын 15%ы Ош шаарынын бюджетинде калып, калаанын кем-карчы үчүн колдонулат. 

Мындай механизм Ош шаарында сыноо иретинде киргизилип, долбоор аяктагандан кийин ал канчалык натыйжа бергени боюнча талдоо жүргүзүлөт. Эгер долбоор ийгиликтүү болсо, башка шаарларда да колдонушу мүмкүн. 


Тектеш материалды окуу