Akchabarsearch
Шаар мэрлери менен район акимдери эл менен жылына эки жолу жолугушуу өткөрүп турушу мүмкүн

Жарыяланган

2026-28-05, 12:45

Шаар мэрлери менен район акимдери эл менен жылына эки жолу жолугушуу өткөрүп турушу мүмкүн

Кыргызстанда шаар мэрлери менен район акимдери эл менен жылына эки жолу жолугушуу өткөрүп турушу мүмкүн. Мындай демилгени өкмөт көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Сунушка ылайык, Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрлери, район акимдери жыл сайын февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында эл менен жолугуп турууга милдеттүү болот. 

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жылына эки жолу эл менен жолугушуу өткөрүп турууга милдеттендирген. 


Тектеш материалды окуу