
Жарыяланган
2025-24-12, 13:58Зергерчилик тармагына сунушталып жаткан жеңилдиктер коңшу өлкөлөрдүн биринде да жок. Бул тууралуу 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекетке зергерчилик менен алектенген 47 гана өндүрүүчү расмий катталган, көпчүлүгү көмүскөдө иштеп жатат. Сунушталган мыйзам долбоору зергерлер үчүн өзгөчө салык жеңилдиктерин карайт.
Атап айтканда, зергерчилик тармагына жүгүртүүдөн алынуучу салык болгону 0.25%ды түзөт.
Шыкмаматов бул чаралар тармакты легалдаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эмгек миграциясын азайтууга жана калктын жашоо шартын жакшыртууга жардам берерин айтты.
