Akchabarsearch
Зергерлерге 6% менен 90 млн сомго чейин насыя берилет

Жарыяланган

2026-23-04, 16:32

Зергерлерге 6% менен 90 млн сомго чейин насыя берилет

Кыргызстанда зергерчилик тармагындагы ишкерлер үчүн 6% менен жеңилдетилген насыя берүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Жаңы шарттарга ылайык, зергерлер 90 млн сомго чейин насыяны 5 жылга чейин ала алышат. Ошондой эле 180 күндүк жеңилдетилген мөөнөт каралган.

Насыя «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Банктарга кошумча комиссияларды жана жыйымдарды албоо сунушталган.

Долбоор 2028-жылга чейин иштейт. Каражаттардын максаттуу пайдаланылышын салык органдары жана Баалуу металлдар департаменти көзөмөлдөйт.

Каржылоо жабдууларды жаңылоого, өндүрүштү кеңейтүүгө жана ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

 


Тектеш материалды окуу