
Жарыяланган
2026-11-02, 14:22Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, президенттин жарылыгы менен Чек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылган.

