
Жарыяланган
2025-29-12, 14:57Күч түзүмүндөгү пенсиядагы кызматкерлерине коомдук транспортто акысыз жүрүү сунушталууда. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук окууга коюлду.
Маалыматка ылайык, токтом долбоорун Бишкек шаарынын мэриясы иштеп чыккан. Жеңилдиктер Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдук транспорттор үчүн каралган.
Бул жеңилдик Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын, прокуратура органдарынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын пенсионерлери үчүн болот.
