Akchabarsearch
Бишкекте 81.6 млн долларга акы төлөнүүчү айланма жол курулууда: өтүү акысы 500 сом болот

Жарыяланган

2026-30-10, 17:35

Бишкекте 81.6 млн долларга акы төлөнүүчү айланма жол курулууда: өтүү акысы 500 сом болот

Бишкекте узундугу 16.5 чакырымды түзгөн Чыгыш айланма жолунун курулушу уланууда. Жаңы жол акы төлөнүүчү болуп, бир жолу өтүү 500 сомду түзөт. Долбоорго 81.6 млн доллар инвестиция салынат.

Бул тууралуу курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда «Тез Жол» компаниясынын директору Нурланбек Кайынбаев жана Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы маалымат беришти.

Жаңы жол борбор калаадагы унаа тыгындарын азайтып, шаардан чыгыш тарапка, анын ичинде Ысык-Көл багытына чыгууну жеңилдетүү максатында курулууда. Ал азыркы көчөлөрдү жаппайт, айдоочулар үчүн кошумча жол болот.

Айланма жол Навал аймагынан башталып, темир жолду жана Чоң Чүй каналын кесип өтөт. Андан ары Тавсой, Ахунбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрү тарапка уланып, Кара-Жыгач конушунун батыш тарабынан өтөт. Андан соң 7-Апрель көчөсүн кесип, Аламүдүн дарыясына чейин жетет.

Жол төрт тилкелүү болуп, анда көпүрөлөр, жол кесилиштери жана 26 ири инженердик курулма салынат. Унаалардын эсептелген орточо жүрүү ылдамдыгы саатына 90 чакырымды түзөт.

Жолдон өтүү акысын накталай эмес түрдө да төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү пландалууда.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылууда. Курулушту «Тез Жол» компаниясы каржылайт, ал эми мамлекеттик өнөктөш — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Келишим 30 жылга түзүлгөн. Салынган инвестиция 12 жылда акталат деп эсептелүүдө. Жолдон түшкөн киреше биринчи кезекте курулушка жумшалган каражатты кайтарууга багытталат.

Келечекте бул жол Бишкекти айланып өтүүчү чоң айланма жолдун бир бөлүгү болору күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу

Бишкекте 81.6 млн долларга акы төлөнүүчү айланма жол курулууда: өтүү акысы 500 сом болот Акчабарда