Akchabarsearch
Эми жүргүнчүлөр бир жолу жол кире төлөп бир нече жолу автобуска түшө алат

Жарыяланган

2026-30-06, 17:58

Эми жүргүнчүлөр бир жолу жол кире төлөп бир нече жолу автобуска түшө алат

Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык кеңешинин 19-сессиясында борбор калаадагы коомдук транспортто жол кире төлөөнүн жаңы тартиби тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

Чечимге ылайык, шаарда жол киренин баасы өзгөргөн жок. Бирок мындан ары автобустарда жол кире накталай алынбайт. Жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, банктык карта же QR-код аркылуу төлөй алышат. 

Ошол эле учурда атайын белгиси бар, ичинде текшерүүчү отурган автобустарда гана жол кирени накталай акча менен төлөөгө мүмкүн.

Чоң автобустар менен электр автобустарда (муниципалдык жана жеке менчикке карабай) накталай эмес төлөгөндөр үчүн жол кире 17 сом бойдон калды. Ал эми кичи автобустарда жол кире төлөмдүн түрүнө карабастан 20 сомду түзөт.

Мындан тышкары “Тулпар” транспорттук картасы менен жол кирени бир жолу төлөп, бир саат ичинде бир нече автобуска түшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул муниципалдык автобустарга (электр автобустарга) гана тиешелүү болот. 

Мисалы, жүргүнчү биринчи автобуска түшкөндөн кийин бир сааттын ичинде башка автобуска кошумча төлөмсүз түшө алат.

Бул токтом долбоору эртең, 1-июлдан баштап күчүнө кирет.

 


Тектеш материалды окуу