
Жарыяланган
2026-20-07, 16:53Бишкекте коомдук транспортто жол киресин төлөбөгөндөргө 1 миң сом айып пул салынат. Бул үчүн 1-июлдан тарта автобус жана троллейбустарда рейддер жүргүзүлүүдө.
Рейд учурунда көзөмөлчүлөр жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөнүн жана төлөмдү ырастаган электрондук же кагаз чеги бар-жогун текшеришет.
Бишкек шаардык транспорт ишканасы жүргүнчүлөрдү коомдук транспортту пайдалануунун белгиленген эрежелерин сактоого жана жол кирени өз убагында төлөөгө чакырды.



