
Жарыяланган
2026-08-06, 12:39Быйыл 2-июндан 7-июнга чейин «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө балык ресурстарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жалпысынан болжол менен 1200 метрди түзгөн мыйзамсыз торлор алынып, көлдөн тазаланды.
Учурда Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо жана анын мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

