
Жарыяланган
2026-09-11, 15:42Соң-Көлдүн аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз салынган 500 метр эски синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдди Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрүштү.
Текшерүү Жумгал районундагы Соң-Көл коругуна чектеш аймактарда жүргүзүлгөн.
Мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча рейддер мындан ары да улантылат.

