akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-22-04, 15:51

    Соода кылгандар үчүн патент кайтарылат. Соодагерлер качандан тарта патент алып иштеп баштай алат?

    Кыргызстанда соода менен алектенгендер үчүн патент кайра кайтарылганы жатат. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков соода тармагы үчүн патентти кайтарууга канча убакыт кете турганын айтып берди.  

    Ысабеков билдиргендей, соода тармагы үчүн патентти кайтарууга 2 ай убакыт кетет. Ошондон кийин гана аталган тармакта патент алып иштөөгө мүмкүн болот. 

    "Соода чөйрөсүндө патентти кайтаруу үчүн президенттин жарлыгы чыкты. Айрым жарандар патентти эртең эле барып алса болот деп ойлоп жатат. Соода чөйрөсүндө патентке тыюу салынганда, ал өзгөртүүлөр Салык кодексинде да жазылган. Ошондуктан Салык кодексине өзгөртүү киргизишибиз керек. Ал дээрлик эки ай убакытты алат. Ошондуктан кичине күтүп туруу керек", - дейт ал. 

    Ал патент боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен катар анын чени канча болору тууралуу өкмөттүн чечими чыга турганын, бул эки иш бир убакытта бүткөрлөрүн билдирди.  

    Ысабеков патенттин чени канча болорун азыр так айта албай турганын, бирок ишкерлер менен жолугуп, кеңеше тургандарын айтты. 

    "Патенттин чени "Дордой", "Кара-Суу" базарларындагыдай, акча жүгүртүүсүнө жараша болот. Ал көп болсо, патенттин чени да көбүрөөк, аз болсо, азыраак болот. Бул биринчи принцип. Ал эми базардан тышкары дүкөндөр боюнча соода аянтчасына жараша болушу мүмкүн. Мурда да ушундай болчу", - деди ал. 


    Тектеш материалды окуу