
Жарыяланган
2026-01-10, 16:55Пенсионерлер көбөйтүлгөн пенсияларын 10-октябрдан тарта ала баштайт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Мукамбетов бүгүн, 1-октябрдан тарта Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсия көбөйтүлгөн эске салды.
Анын айтымында, жарандардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 20%га, бирок кеминде 1 миң сомго, эң көп 10 миң сомго көтөрүлдү. Алар көбөйтүлгөн пенсиясын 10-октябрдан тарта ала баштайт.



