Akchabarsearch
“Социалдык келишим” программасы аркылуу 13 миң 331 жаранга 150 миң сомдон берилди

Жарыяланган

2025-30-12, 14:00

“Социалдык келишим” программасы аркылуу 13 миң 331 жаранга 150 миң сомдон берилди

Быйыл жалпы өлкө боюнча 13 миң 331 жаран социалдык келишим түзүп, 150 миң сомдон алышты, анын негизинде 13 миң 964 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жумуш орундардын 90%ын айыл жерлериндеги аялдар түзгөн.

Социалдык келишимдин катышуучулары бизнес долбоорлорун негизинен айыл-чарба тармагында (77.7%) ишке ашырууда. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүү (8.9%), өндүрүш (7.3%) жана соода-сатык тармагында (6.1%) да иш алып барууда.

Бизнесин өркүндөтүүнү каалаган катышуучулар үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит алышты. 2025-жылы 1 миң 101 адам бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз бизнесин кеңейтти.

Региондордогу социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн коомдук жумуштарда 10 миң 716 жана жеке ассистент кызматынын негизинде 711 жаңы жумуш орду түзүлдү. 

Бул чаралар айыл жериндеги үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга жардам берүүдө.


Тектеш материалды окуу