
Жарыяланган
2026-10-03, 18:01Бүгүн, 10-мартта Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана тургундар катышты.
Министр жаңы мектеп Ак-Батадагы окуучулар үчүн сапаттуу жана заманбап шарттарды түзөрүн белгилеп, мектептердин жетишсиздигин жоюу жана билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү иштеринин улантыларын кошумчалады.
Мектептин аянты 5300 чарчы метрди, ал эми жер участогу 1.08 гектарды түзөт.
Сейсмологиялык шарттарга ылайык имарат 9 баллга чейин туруктуу, пайдубалы 8.8 метр тереңдикке бекемделет.



