Akchabarsearch
Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Жарыяланган

2026-09-03, 15:39

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр 7-8-март күндөрү борбор калаада курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин дагы да жандандыруу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген графиктен кечиктирбөө талабын койду.

Алсак, Алыкулов 1 дарегинде жайгашкан №42 мектептин кошумча 380 орундуу окуу корпусу курулууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аяктап крулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.


Тектеш материалды окуу