
Жарыяланган
2026-31-03, 13:58Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан айтылган 400 автобус каттамга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы күн сайын 1250–1300 автобус каттамын камсыз кылып, коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп жатат. Айрым автобустар нөөмөт менен гана каттамга чыгат, автопарктын пайдалануу коэффициенти азыр 85%ды түзөт.
Ошондой эле, 2025-жылдын ноябрь айында сатылып алынган 95 жаңы автобус боюнча документтерди тариздөө иштери жүрүүдө. Бардык процедуралар аяктагандан кийин автобустар каттамга чыгарылып, автопарктын пайдалануусу жогорулатылат.


