
Жарыяланган
2026-22-05, 12:41Бишкек шаарында автобустардын түнкү каттамы киргизилиши мүмкүн. Аларга тариф 50 сом же 70 сом болот. Учурда бул долбоор коомдук талкууда. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев "Ачык кабинеттин" жүрүшүндө билдирди.
Мэр бул жылы автобус жол киреси көтөрүлбөй турганын белгиледи. Бирок түнкү каттамга болгон суроо-талаптардан улам бул маселе учурда каралууда.
Ошондой эле чет элдик жарандар каалаган банк картасы менен жол кире төлөй ала турганы айтылды.
Мэрдин айтымында, 1-июлдан тарта автобустарда накталай төлөм толугу менен жоюлат.



