Akchabarsearch
№43 автобус каттамынын кыймыл схемасы өзгөрөт

Жарыяланган

2026-25-09, 10:38

№43 автобус каттамынын кыймыл схемасы өзгөрөт

2026-жылдын 25-сентябрынан тартып Мурас-Ордо конушунан Ош базарына чейинки багытта каттаган №43 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр каттамды оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу болуп, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Мэрия жүргүнчүлөрдү №43 каттамынын жаңы кыймыл багытына көңүл буруп, сапарларын алдын ала пландап алууну өтүндү.


Тектеш материалды окуу