
Жарыяланган
2026-22-05, 11:37Быйыл Бишкек шаарындагы 200 жашыл автобуска кондиционер орнотуу пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, быйыл мэрия шаардагы 500 автобуска кондиционер орнотууну пландаган. Бирок алар ошол желдеткичтерди орното турган компаниялар менен баасы боюнча келиши албай жатышат.
Андан тышкары автобус заводдон чыгып жатканда эле кондиционер коюлбаса, кийин орнотулгандары анчалык жакшы иштебеши мүмкүн.
Ошого карабастан, азыр эки компания менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Жунушалиев билдиргендей, быйыл мэрия 200 автобуска кондиционер орнотконго үлгүрөт.



