Akchabarsearch
Азырынча түнкү автобустар каттамга чыкпайт

Жарыяланган

2026-01-07, 15:13

Азырынча түнкү автобустар каттамга чыкпайт

Бишкекте 1-июлдан тарта түнкү автобустар иштей баштайт деп пландалган. Бирок учурда каттам схемалары толук даяр боло элек болгондуктан, түнкү автобустар азырынча каттабайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди.

Анын айтымында, түнкү каттамдар болжол менен 4–5 күндөн кийин ишке кириши мүмкүн. Жол кире накталай эмес төлөмдө 70 сом, ал эми накталай төлөмдө 90 сом болот.

Учурда шаар ичинде 153-экспресс автобус гана каттап жатат. Анын жол киреси:

•    накталай эмес төлөмдө — 40 сом; 
•    накталай төлөмдө — 50 сом. 

Ал эми аэропортко каттаган экспресс автобустарда жол кире:

•    накталай эмес төлөмдө — 122 сом; 
•    накталай төлөмдө — 140 сом. 

Азырынча түнкү каттамдарды ишке киргизүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
 


Тектеш материалды окуу