
Жарыяланган
2026-17-04, 15:56Бишкек шаарынын №202 муниципалдык аймактык башкармалыгы Можайский көчөсүнүн Махатма Гандиден Манас көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоо үчүн тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.
Долбоорго бюджеттен 19 млн 727 миң сом каралган. Тендерге арыздар 4-майга чейин кабыл алынат. Оңдоо иштери 2 айдын ичинде бүткөрүлүшү керек.
Шарттарга ылайык, катышуучуларда керектүү техника, лицензия жана сертификаттар болушу талап кылынат. Ошондой эле салык жана камсыздандыруу боюнча карызы жок болушу керек. Компаниянын жол куруу иштеринде тажрыйбасы да эске алынат.
Келишимге ылайык, жумуштун сапатына 3 жылдык кепилдик берилиши керек.



