Akchabarsearch
Бишкекте жети мектепти оңдоого 33.2 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-22-05, 10:08

Бишкекте жети мектепти оңдоого 33.2 млн сомдук тендер жарыяланды

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардагы жети мектепти оңдоого 33.2 млн сомдон ашык каражатка тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалым болду.

Маалыматка ылайык, тендерге арыздар 26-майга чейин кабыл алынат.

Оңдоо иштери төмөнкү мектептерде жүргүзүлөт:

•    №9 мектепте ашкана, канализация жана суу түтүктөрү оңдолот — 6.7 млн сом; 
•    №42 мектепте даараткана оңдолот — 2.5 млн сом; 
•    №47 мектепте жылытуу системасы жаңыланат — 4.8 млн сом; 
•    №72 мектепте даараткана оңдолот — 4.6 млн сом; 
•    №55 мектепте даараткана жана жылытуу системасы оңдолот — 8.3 млн сом; 
•    №59 мектепте даараткана оңдолот — 2.3 млн сом; 
•    №7 мектепте ашкана оңдолот — 3.7 млн сом. 

Тендердин шарттарына ылайык, подрядчы компаниялар лицензиясы жана буга чейинки ушул сыяктуу иштерди аткарган тажрыйбасы бар экенин ырастаган документтерди тапшырышы керек. Ошондой эле салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жок болушу талап кылынат.

Төлөмдөр иштер толук бүткөндөн кийин жүргүзүлөт.

 


Тектеш материалды окуу