Akchabarsearch
Бишкекте фонтандарды оңдоого 181 млн сомго тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-01-04, 14:19

Бишкекте фонтандарды оңдоого 181 млн сомго тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардагы фонтандарды оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Долбоордун жалпы суммасы 181 млн сомдон ашат. Ага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы аймагындагы (түндүк жана түштүк тарабы) жана Жаштар аллеясындагы фонтандар кирет.

Тендерге катышууну каалагандар 3-апрелге чейин арыз тапшыра алышат. Оңдоо иштери аталган башкармалык менен түзүлгөн келишимге ылайык, быйыл бүткөрүлүшү керек.

Компания өз каражаты менен ишти аткарууга даяр экенин тастыкташы керек. Ал эми каражат иш толук бүткөндөн кийин гана төлөнөт.
 


Тектеш материалды окуу