Akchabarsearch
Таксист болгусу келген чет элдиктерди кыргыз же орус тилин билүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Жарыяланган

2026-01-05, 15:02

Таксист болгусу келген чет элдиктерди кыргыз же орус тилин билүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Чет элдик жарандарды Кыргызстанда такси болуп иштөө үчүн мамлекеттик же расмий тилди билүүгө милдеттердирүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. 

Сунушка ылайык, чет элдиктер такси болуп иштөөгө уруксат алуу үчүн кыргыз же орус тилди “А1” (элементардык) же “А2” (базалык) деңгээлинде билгендиги тууралуу сертификаты болушу керек.

Мамлекеттик же расмий тилди билүү тууралуу талап КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандарга тиешелүү болбойт. 


Тектеш материалды окуу