Akchabarsearch
Кыргызстанда 266 миңден ашык киши насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жарыяланган

2026-01-05, 16:20

Кыргызстанда 266 миңден ашык киши насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 30-апрелине чейин 266 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта жарандар онлайн насыя алууга өз алдынча чектөө коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул кызмат “Түндүк” тиркемесинин “Кызматтар” бөлүмү аркылуу жеткиликтүү.

Мындай чара, негизинен, алдамчылыктын алдын алуу максатында киргизилген. Тактап айтканда, жарандар “менин атымдан бирөө насыя алып койбосун” деп ккоптонушса өзүнө-өзү тыюу салууну активдештире алышат. Тыюу коюлгандан кийин банктар жана ал адамдын атына насыя бере албайт.

Эгер жаран насыя алууну кааласа, ошол эле “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюуну өчүрө алат. Тыюу салууну алып салуу арыз берилгенден кийин 12 сааттан кем эмес убакытта өчүрүлөт.
 


Тектеш материалды окуу