
Жарыяланган
2026-13-03, 15:31“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салгандардын саны 218 миң 121ге жеттти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын 1-ноябрынан быйылкы жылдын 13-мартына чейинки көрсөткүч.
2025-жылдын 1-ноябрынан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн.



