Akchabarsearch
Мал этинин баасын турукташтыруу үчүн жеңилдетилген насыялар берилип баштайт

Жарыяланган

2026-18-03, 17:18

Мал этинин баасын турукташтыруу үчүн жеңилдетилген насыялар берилип баштайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков азык-түлүк бааларына, айрыкча эттин наркын турукташтыруу боюнча министрлер кабинетинин чечимине токтолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, эт өндүрүүнү көбөйтүү жана рыноктук жол менен баага таасир этүү максатында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык негизде бордоп семиртүү боюнча пилоттук эт кластерлери түзүлөт.

Долбоордун алкагында быйылкы жылы фермерлер жана агроишкерлер жеңилдетилген насыялар менен камсыздалат. Каржылоо “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, азык-түлүк бааларын кармап туруу жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында өлкө боюнча дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурулууда.


Тектеш материалды окуу