
Жарыяланган
2026-17-03, 12:14Быйылкы жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Министрлер Кабинетинин колдоосунда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Анын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта берилүүдө.
Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен лизингге сунушталууда.
Жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника берилди. Анын ичинде быйылкы жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника дыйкандарга жеткирилди.



