
Жарыяланган
2025-04-11, 18:04Бүгүн, 4-ноябрда Талас шаарында жылуулук бериле башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди
Шаар бийлиги белгилегендей, «Талас жылуулук камсыздоо» ишканасынын шаардагы 6 отканасы ишке кирип, жылуулук бериле баштады.
Жылуулук көп кабаттуу үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелерге берилүүдө.



