
Жарыяланган
2025-04-11, 17:34Быйыл 1-июлга карата Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн банктарынын тышкы карызы 129.9 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10.7 млрд долларга же 9%га көп. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылат.
Карыздын өсүшү биримдиктеги бардык өлкөлөрдө байкалган, Беларусь мамлекетинин гана көрсөткүчү төмөндөгөн.
Эң чоң карыз Россиянын банктарында — 103.7 млрд доллар, бул ЕАЭБ банктарынын жалпы карызынын дээрлик 80%ын түзөт. Андан кийин Казакстан (15.6 млрд доллар), Армения (5.45 млрд доллар), Беларуcь (4.04 млрд доллар) жана Кыргызстан (1.08 млрд доллар) турат.
2024-жылдын июлуна салыштырмалуу банктардын карызы төмөнкүчө көбөйгөн:
• Россия — 9.6%;
• Казакстан — 9.2%;
• Кыргызстан — 17.1%;
• Армения — 19%;
• Беларуcь — 15.3%.
Банктардын карызынын көбөйүшү ликвиддүүлүктү камсыз кылуу үчүн тышкы насыяларды көбөйтүүнү чагылдырат.



