
Жарыяланган
2026-03-04, 09:00Талас шаарында 12 көчөгө асфальт төшөлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, оңдоло турган 12 көчөдө узундугу 28 чакырым болгон жолго асфальт басылат. Ал үчүн 910 млн сом сарпталат. Акча президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнүүдө.
Быйыл Эгемендик күнү Таласта майрамдала тургандыктан, жолдордун курулушун 31-августка чейин бүткөрүү пландалууда.



