
Жарыяланган
2026-24-02, 10:26Таласта пара талап кылганга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Т.Р. тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.
Т.Р. ички иштер органдарынын кызматкери деген наамды дискредитациялап, узак убакыт бою Т.Н. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуу аркылуу системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып келген.
Натыйжада Т.Р. талап кылынган паранын 100 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.
Учурда кармалган жаран Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлүүдө.



