
Жарыяланган
2024-16-11, 10:12Эртең Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шайлоону утурлай укук тартибин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, бюллетендерди ташып жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу каралган.
Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Эске салсак, 17-ноябрда өлкөдө жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт.



