
Жарыяланган
2025-13-11, 18:14Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас дубанына болгон иш сапарынын жүрүшүндө облусту өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Облус башчысы Эрмат Жумаевдин айтымында, быйыл Таласта асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулду. Ошондой эле, жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү экспортко багытталган завод куруу пландаштырылууда.
Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн.
Талас шаарында 28,5 чакырым ички жолго асфальт төшөлүп, 54 чакырым тротуар салынды.
Суу топтомо жайдын жана көлөмү 2000 куб метр болгон резервуардын курулушу аяктап жатат. Бул бүт шаарды таза суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, облустун ар кайсы райондорунда суу менен камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган иштер улантылууда.
Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин беш кабаттуу кампусунун, 900 окуучуга ылайыкталган мектептин жана жети бала бакча имаратынын курулушу башталды.
Турак жай куруу жаатында Мамлекеттик ипотекалык компания 310 батирлүү турак жай комплексин курууну улантууда.



