
Жарыяланган
2025-23-12, 17:01Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, пайдаланылбай турган 100 гектар жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, “Агрохолдинг” ишканасына берилген. Бул чечим Президенттин тапшырмасы менен кабыл алынган.
Учурда аймакка суу, канализация жана электр энергиясы тартылган. Келечекте бул жер ишкерлерге ижарага берилет.
Заводдун курулушу 1,5 жылда бүтүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жана экспортту өнүктүрүүгө шарт түзөт.



