
Жарыяланган
2026-04-02, 09:40Талгат Уметалиев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Талгат Уметалиев буга чейин Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонддун төрагасынын орун басары болуп иштеген.



