
Жарыяланган
2026-20-02, 18:00Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп Тариэль Жаныбеков жана орун басарлары Улукбек Жанибеков, Момбеков Бактылуу дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Аларды министрликтин жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Примов тааныштырды.



