
Жарыяланган
2026-22-04, 15:02Көчөгө таштанды ыргыткандарды коомдук жумушка тартуу жазасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун жазган депутат Дастан Бекешевдин айтымында, азыр таштанды ыргыткандарга 5.5 миң сом айып каралган. Бирок бул чара анчалык натыйжалуу болбой эле. Мындан улам ал таштанды ыргыткандарды коомдук жумуштарга тартуу жазасын киргизүүнү сунуштоодо. Ушундай эле жаза айлана-тегерегин тазалабагандарга (114-берене), таштандыны өрттөгөндөргө (115-берене) да колдонулат.
Ал белгилегендей, таштандыны туш келди таштай бергендер көчө тазалап иштей турган болсо, бул башкаларга да сабак болот.
Бекешев билдиргендей, бир жаран көчөгө таштанды ыргыта турган болсо, биринчи жолкусунда ага азыркыдай эле эскертүү берилет же айып салынат. Таштандыны ыргытып кайра кармалып калса, экинчи жолкусунда ал коомдук жумуштарга тартылып, көчө шыпырып, тазалашы керек болот. Коомдук жумуштарга тартуу тууралуу чечимди сот чыгарат.
Жыйында депутат Улукбек Карыбек уулу жаран соттун чечимин тоготпой, көчө шыпыруудан баш тарта турган болсо, кандай чара колдонуларын сурады.
Бекешевдин айтымында, жазага тартылган жаран "көчө шыпырбайм" деп моюн толгоп, "соттун чечимин аткарбайм" деп чыкса, ал Укук бузуулар кодексиндеги азыркы нормаларга ылайык үч күнгө камакка алынат.



