Жарыяланган
2025-08-07, 10:56Тажикстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбооруна кошулууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кытайдын транспорт министри Лю Вэй менен болгон жолугушууда Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим билдирген.
Жолугушуу Кытайдын Тяньцзин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында өттү. Анда эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланган. "Кытай – Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа" мультимодалдуу коридору, ошондой эле Тажикстандын евразиялык транзиттик жолдордогу орду тууралуу кеп болгон.
Иброхим Тажикстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна катышууга кызыкдар экенин билдирген. Бээжин, Бишкек жана Ташкент тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор Кытайдан Борбор Азияга, андан ары Европага жүк ташууну тездетип, аймактын транспорттук-экономикалык картасын олуттуу өзгөртө турганы айтылган.
Душанбе эки өлкө ортосундагы жүк ташуулар көбөйүп, жаңы логистикалык багыттарга муктаждык жаралып жаткандыктан, кытай тарап алардын сунушун колдойт деп үмүттөнөт.