Akchabarsearch
Тогуз каттамдын схемасы убактылуу өзгөртүлөт

Жарыяланган

2025-23-09, 15:31

Тогуз каттамдын схемасы убактылуу өзгөртүлөт

Кечээ, 22-сентябрдан тарта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен “Аска-Таш” конушуна  чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мындан улам төмөнкү  каттамдардын схемасы убактылуу өзгөртүлдү:
№120-М, № 133, № 161, № 173, № 185, № 13, № 35, № 153, № 243.

Шаар мэриясы бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландаштырып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.

 


Тектеш материалды окуу