
Жарыяланган
2026-31-03, 16:18Ысык-Көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз менчикке өткөрүлүп кеткен пансионаттын объекттери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилгени аныкталган.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 70 миллион 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына кайтарылды.
Адистердин айтымында, социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпайт жана өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы керек. Мындай объекттер мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн учурда, алар мыйзамга ылайык кайра мамлекетке кайтарылат.
Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди улантып, туруктуу көзөмөл жүргүзүп жатканын белгиледи.



