Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-04-10, 14:07

УКМК Улуттук госпиталдын бөлүм башчысын коррупция боюнча кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда системалуу түрдө акча алуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы К.А.С. жана дарыгер А.Ш.А. кармалды. Ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.  

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган мекеменин жетекчиси К.А.С. жана анын жакындарынын 2 миллион доллардан ашык мүлкү бар, бул анын бир жылдык 400 миң сом расмий кирешесинен бир топ жогору.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

 


Тектеш материалды окуу