Akchabarsearch
Улуттук банк 60.7 млрд сомдон ашык кирешесин мамлекеттик бюджетке өткөрдү

Жарыяланган

2026-06-03, 16:13

Улуттук банк 60.7 млрд сомдон ашык кирешесин мамлекеттик бюджетке өткөрдү

Улуттук банк тапкан кирешесин толугу менен республикалык бюджетке өткөрүп берди. Төлөм маалыматтарына караганда, 25-февраль күнү Каржы министрлигинин эсебине 60 млрд 734 млн 736.5 миң сом которулган.

Төлөмдө бул каражаттар Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинен түшкөн пайда катары республикалык бюджетке чегерилгени көрсөтүлгөн.

Көзөмөлдөөчү органдын жарыяланган каржылык отчетуна ылайык, Улуттук банктын 2025-жыл ичинде тапкан таза кирешеси 60 млрд 734 млн 736 миң сомду түзгөн. Бул акча толугу менен, тыйынына чейин мамлекетке өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 20-февралда президент Садыр Жапаров конституциялык мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын каржылык отчетун көз карандысыз аудитор текшерип бүткөндөн кийин, банктын пайдасы 100% мамлекеттик бюджетке өткөрүлүшү керек.
 


Тектеш материалды окуу