Akchabarsearch
Улуттук банк «Карт Флай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Жарыяланган

2026-05-03, 10:26

Улуттук банк «Карт Флай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Карт Флай» жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим компания мыйзамдардын талаптарын бузгандыгына байланыштуу кабыл алынган. Тиешелүү токтомду Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 27-февралда чыгарган.

Анын негизинде 2024-жылдын 15-ноябрында берилген эки лицензия кайтарылып алынды. Алардын бири үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү кызматтарына байланыштуу. 

Экинчиси товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу, өткөрүү кызматтарын көрсөтүүгө берилген.

Улуттук банк мындай чечим мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында кабыл алынганын белгиледи.


Тектеш материалды окуу