
Жарыяланган
2026-26-02, 13:49Бишкекте лицензиясы жок акча алмаштырган ондон ашык жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Н.Б., А.Б.М., К.у.Д., И.У.Ж., С.А.Н., Т.Э.А., Т.Э.А., С.А.Н., К.у.А., О.К.А., С.И.Т., К.А.К., Ч.Т.Ш., К.у.У. аттуу жарандар Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн.
Алардын ар бирине 17 миң 500 сом айып пул салынды.



