
Жарыяланган
2026-05-02, 11:47Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болотбек Борбиев Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.
Эл өкүлү жол тыгындары ыш маселесинин күчөшүнө себеп болуп жатканын белгиледи.
«Чоң шаарларыбызда ыш маселесинин пайда болушуна автоунаалардан чыккан газдар жана жол тыгындары себеп болууда. Ушул тыгындар боюнча кандай иш-чараларыңыздар бар? Тыгындарды азайтуу керек», — деди депутат.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев бул маселе башкы планда каралып жатканын айтты.
«Быйыл Бишкек шаарында 120 чакырым жол курулат. Анын алкагында 6 көпүрө жана 3 айланма жол салынат. Ошондой эле башкы пландын негизинде коомдук транспортко өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, 12 жаңы көчө ачылат. Бизде эки айда бир жолу жол кеңеши өткөрүлөт», — деди Алиев.



